Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-апрели № 145-б
Таш-Көмүр-Кербен автомобиль жолунун боюнда жашаган тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 201-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын корутундусун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тегене айылында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Бекманова Макмалдынын, Алтыбаев Амантайдын, Рыспаев Жаныбектин макулдуктарын эске алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тегене айылында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Бекманова Макмалдыга, Алтыбаев Амантайга, Рыспаев Жаныбекке Таш-Көмүр-Кербен автомобиль жол тилкесинин 26 километрине жакын жайгашкан, бузулууга тийиш болгон үйлөрүнүн 3045653 (үч миллион кырк беш миң алты жүз элүү үч) сом өлчөмдөгү наркы үчүн Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражатынын эсебинен учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде компенсация төлөсүн;
- төлөө ишке ашырылганы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |