Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-апрели № 150-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтомуна ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан келип түшкөн агенттиктин атайын эсебинин каражаттарынан "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтуна эки атайын автомашина сатып алуу үчүн 900000 (тогуз жүз миң) сом бөлүп берсин.
2. "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту автомобилдерди сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |