Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-апрели № 160-б
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 509-беренесине ылайык, "Бейпилдик" майыптар жана кары-картаңдар кайрымдуулук үйүнө материалдык-техникалык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мурда атайын автотранспорт катары колдонулган төмөнкү автомашиналарды "Бейпилдик" майыптар жана кары-картаңдар кайрымдуулук үйүнө белекке берүүгө уруксат берилсин:
- 1985-жылы чыгарылган, шасси номери 524519, кыймылдаткыч номери 321963 АЦ-40 (ЗИЛ-131) маркасындагы автомашинаны;
- 1980-жылы чыгарылган, кузов номери 255626, кыймылдаткыч номери 45994 РАФ-2203 чакан автобус маркасындагы автомашинаны.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналарды кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |