Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-апрели № 164-б
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды 2009-жылдын октябрында өткөрүү жөнүндө сунушу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- Ноокат райондук кеңешинин сессиясынын кароосуна уюштуруу комитетинин курамы жана Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планы боюнча сунуш киргизсин;
- юбилейлик иш-чараларды каржылоону жергиликтүү бюджеттердин резервдик мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен жүргүзсүн.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары Ош облусунун мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |