Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-апрели № 175-б
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 118-р буйругунун редакциясына ылайык)
Баткен облусунда жашоочу аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдү Кытай радио жана телекөрсөтүүсүнүн Эл аралык экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча компаниясы тарабынан гранттык негизде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине берилүүчү телекөрсөтүү программаларын кабыл алуу үчүн санариптик ресиверлер менен камсыздоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары комиссия) түзүлсүн:
Эшалиев Т.М. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Имаров А. | - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Дыйканов М.Д. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономика жана финансы башкармалыгынын начальниги; |
Иманакунов Р.Т. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Абдылканова Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигинин социалдык коргоо жана гуманитардык жардам департаментинин директорунун орун басары; |
Кадырова К.А. | - Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Илиязова Т.И. | - Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Амирова Р.М. | - Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Ураимов М.У. | - Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу; |
Мусурманова Г.С. | - Сүлүктү шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу; |
Рыскулова Г.Т. | - Баткен шаарынын вице-мэри. |
Премьер-министр
| И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-апрели № 175-б
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 118-р буйругунун, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакцияларына ылайык)
Баткен облусунда жашоочу аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдү Кытай радио жана телекөрсөтүүсүнүн Эл аралык экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча компаниясы тарабынан гранттык негизде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине берилүүчү телекөрсөтүү программаларын кабыл алуу үчүн санариптик ресиверлер менен камсыздоо максатында:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна 20000 (жыйырма миң) санариптик ресиверлерди алууну, ташып келүүнү жана жеткирүүнү камсыз кылсын;
- белгиленген тартипте гранттык ресиверлерди ведомстволор аралык комиссияга аларды андан ары Баткен облусунун аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрүнө бөлүштүрүү үчүн өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы аз камсыз болгон жана социалдык жактан корголбогон, ошондой эле жеңилдик берилген категориядагы үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзсүн жана бекитсин.
4. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы бекиткен тизмеге ылайык ресиверлерди берүүнү ишке ашырсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| И.Чудинов |