Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 23-апрели № 178-б
Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппаратынын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте Бишкек шаары, Москва көчөсү,194 дарегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппаратынын мурда ээлеген мамлекеттик администрациялык имаратын балансына кабыл алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты белгиленген тартипте кабыл алууну - өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы төмөнкүлөрдү жайгаштырсын:
- Кыргыз Республикасынын Ишкерлер бирлигин - коммуналдык кызматтарга акы төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында, ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын биринчи кабатынын батыш тарабындагы, пайдалуу аянты 118,4 кв.м болгон жети кабинетке;
- "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы" ачык акционердик коомун - коммуналдык кызматтарга акы төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында, ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын пайдалуу аянты 1307,8 кв.м болгон жертөлө кабатындагы жайларга, биринчи жана экинчи кабаттардын калган кабинеттерине;
- Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппаратын Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 120 дарегинде жайгашкан администрациялык имараттын биринчи жана экинчи кабаттарынын, пайдалуу аянты 536,2 кв.м болгон жайларына.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-январындагы № 12-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |