Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-апрели № 183-б
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын администрациялык имараттарына байланышкан маселелерди жөнгө салуу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Иманалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Мирзаматов Р.М. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Арунова М.Б. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Асанакунов Р.И. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын коллегиясынын катчысы;
Малбашев Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондусунун бөлүмүнүн башкы адиси;
Молдобаев Ш.А. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын квартиралык-эксплуатация башкармалыгынын начальниги;
Токмулина Н.В. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кыймылсыз мүлк рыногун каттоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси;
Шабданбеков Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын курулушту уюштуруу жана мамлекеттик мүлк бөлүмүнүн референти (макулдашуу боюнча);
Умаров К.С. - К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин турак жай комиссиясынын төрагасы.
2. Жумушчу топ тиешелүү сунуштарды 30 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгондо мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |