Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-апрели № 185-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өзүнүн буйругу менен делегациянын курамына өзгөртүү киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында заседаниелерди жана жолугушууларды өткөрүү жөнүндө жана Өзбекстан Республикасына Өкмөттүк делегация мүчөлөрүн командировкага жиберүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укуктуу.";
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-июлундагы № 393-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 224-б буйругу.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 185-б буйругуна тиркеме |
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, делегациянын жетекчисинин орун басары;
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Абыкеев Ч. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттигинин директору;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору;
Касмалиев А.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Касымов Ч.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;
Абдрахманов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти;
Кулуев А.Р. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Бекбоев Т. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Мадалиев А.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Эсенбаев Х.А. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Түштүк региондук башкармалыгынын штабынын оперативдүү бөлүмүнүн начальниги;
Айдаров З.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын начальниги;
Осипов С.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажы күзөтү башкармалыгынын башкы инспектору;
Жайлобаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Суу чарба департаментинин бөлүм начальниги;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи секретары;
Матыев А.М. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун атташеси;
Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын башкы инженери;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын жетектөөчү адиси;
Ботобаев К.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоонун жана демаркациялоонун түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
Мисиралиев Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры башкармалыгынын башкы адиси, Жалал-Абад облусу боюнча региондук өкүл;
Бөрүбаев Н.Н. - Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен зоналык борбордун директору;
Эргешов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги;
Сиддиков Д.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадамжай райондук башкармалыгынын начальниги;
Чоңмурунов А.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Араван райондук башкармалыгынын начальниги;
Энезаров К. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Суу райондук башкармалыгынын начальниги;
Караев Т.К. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Сузак райондук башкармалыгынын начальниги;
Боронбеков З.Б. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аксы райондук башкармалыгынын начальниги;
Мырзаев А.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ала-Бука райондук башкармалыгынын начальниги;
Абдраимов Э.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Өзгөн райондук башкармалыгынын начальниги;
Тажибаев М.М. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ноокат райондук башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-апрели № 185-б
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 19-ноябрындагы № 178-р буйругунун
редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өзүнүн буйругу менен делегациянын курамына өзгөртүү киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында заседаниелерди жана жолугушууларды өткөрүү жөнүндө жана Өзбекстан Республикасына Өкмөттүк делегация мүчөлөрүн командировкага жиберүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укуктуу.";
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 178-р буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-июлундагы № 393-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 224-б буйругу.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 185-б буйругуна тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 19-ноябрындагы № 178-р буйругуна ылайык
күчүн жоготту)