Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 28-апрели № 186-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 19-мартындагы № 65 буйругуна ылайык, 2009-жылдын 31-июлунда Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна катышкан мамлекеттердин жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезексиз сессиясына (мындан ары - ЖККУнун кезексиз сессиясы) өз учурунда жана тиешелүү даярдык көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына ЖККУнун кезексиз сессиясына даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен финансы каражаттарын бекитилген графикке ылайык өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын, ошондой эле каржылоонун башка булактарынан кошумча каражаттарды тапсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги 2009-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө ЖККУнун кезексиз сессиясын өткөрүүнүн алкагында маданий программа даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен бирдикте "Манас" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунан делегациялардын келиши жана кетиши боюнча ыкчам визалык колдоо көрсөтүүнү, чек аралык жана бажылык тариздөөнү камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте зарыл протоколдук атрибутиканы даярдасын, ЖККУнун кезексиз сессиясынын катышуучулары жашоочу жана жайгаштырылуучу орундарды аныктасын жана даярдасын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому менен бирдикте делегацияларды тосуу үчүн "Манас" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторун даярдасын;
- Чүй жана Ысык-Көл облустарынын мамлекеттик администрациялары менен бирдикте "Манас" эл аралык аэропорту - Бишкек шаары - Чолпон-Ата шаары автомобиль трассасын жасалгалоону жана ыңгайлаштырууну камсыздасын;
- "Манас" эл аралык аэропорту - Бишкек шаары - Чолпон-Ата шаары жолун оңдоо планын даярдасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө ЖККУнун кезексиз сессиясынын логотибин даярдоону жана бекитүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүү үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 38-статьясына ылайык "бир булактан алуу" ыкмасын колдонууга уруксат берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте "Манас", "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда, иш-чаралар өтүүчү жана ЖККУнун кезексиз сессиясынын катышуучулары жашоочу жерлерде медициналык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы (макулдашуусу боюнча) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте ЖККУнун кезексиз сессиясынын катышуучуларынын коопсуздугун "Манас", "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда, алар жашоочу жана кезексиз сессия өткөрүлүүчү жерлерде камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
9. Бишкек, Балыкчы, Каракол шаарынын мэрияларына жана Чолпон-Ата шаарынын шаардык башкармалыгына ЖККУнун кезексиз сессиясын өткөрүүнүн алдында шаардын көчөлөрүн ЖККУнун кезексиз сессиясынын логотиби бар жарнамалык такталар менен тиешелүү түрдө жасалгалоо сунушталсын.
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына ЖККУнун кезексиз сессиясына даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну камсыз кылуу сунушталсын.
11. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |