Редакцияот 30.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 30-апрели № 189-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда финансылык жана техникалык кызматташуу жөнүндө маселелер боюнча 2009-жылдын 12-16-майында Германия Федеративдүү Республикасынын Бонн шаарында боло турган өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы (мындан ары - делегация) төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орук басары, делегациянын жетекчиси.

 

Делегация мүчөлөрү:

 

Бакиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;

Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Сеитбеков А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Шаршеналиев Б.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;

Алыбаева С.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Турганбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын начальниги;

Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам көрсөтүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги;

Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы финансылык жардамдар башкармалыгынын начальниги;

Мамытов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин отун-энергетика комплекси башкармалыгынын начальниги;

Асылбеков Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кайра иштүү продукциясына мониторинг жүргүзүү, божомолдоо жана сатып өткөрүү бөлүмүнүн башчысы;

Ашымов Т.К. - Кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук кеңешинин президенти (макулдашуу боюнча).

2. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары С.Т.Муканбетовго Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Бонн шаарына (ГФР) делегация мүчөлөрүнүн баруусу менен байланышкан чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов