Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-апрели № 190-б
2009-жылдын 6-8-майында Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) болуучу 12-Евразиялык экономикалык саммитке катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Бабанов Ө.Т. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Казакбаев Р.А. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Лоу М.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүм башчысынын орун басары;
Сыргабаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору.
2. Суткалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү. Транспорттук чыгымдар жана жашоо үчүн чыгымдар - чакыруучу тараптын эсебинен.
Премьер-министр
| И.Чудинов |