Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-майы № 199-б
Аткаруу бийлигинин органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-майындагы № 247-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасында опурталдуу топтогу балдарды окутууга/социалдык иштерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Рональт Пентон - швед тараптан долбоордун жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Исаев Т.К. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Үсөнова В.У. - кыргыз тараптан долбоордун координатору, Кыргыз Республикасынын Социалдык кызматкерлер ассоциациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Барбро Зиммерлинг - швед тараптан долбоордун координатору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Каратаев М.М. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Тыналиева Ү.М. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Мамышев Б.Ш. - Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Умаралиев С.К. - Чүй облусунун Шопоков шаарынын башчысы;
Шабралиев Э.К. - Чүй облусунун Сокулук районунун Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Табалдиева В.Т. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укуктук жана эл аралык иштер башкармалыгынын начальниги;
Абдыкеримова Р.Ш. - "Максат" Чүй облустук реабилитациялык борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Мамакеева Ч.А. - Чүй облусунун Сокулук районунун "Восток" үй-бүлө жана балдар борборунун директору (макулдашуу боюнча).".
Премьер-министр
| И.Чудинов |