Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 7-майы № 200-б
"Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана элдик медицинаны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборун Бишкек шаары, Чүй проспекти,122 дарегинде жайгашкан администрациялык имараттын биринчи, экинчи, үчүнчү кабаттарындагы, пайдалуу аянты 1389,8 кв.м бөлмөлөрүнө, цоколь кабатынын пайдалуу аянты 60,2 кв.м бөлүгүнө, ошондой эле подвалдагы жайларына акысыз пайдалануу келишиминин шартында жайгаштыруу сунушталсын.
2. Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборуна жогоруда аталган бөлмө-жайларды күтүү боюнча коммуналдык кызматтардын акысын Бишкек шаарынын тийиштүү кызматтарына өз алдынча төлөөгө уруксат берилсин.
3. Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборуна ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жайларга учурдагы ремонт жүргүзүү боюнча милдет жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |