Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-майы № 202-б
Республиканын аймагына A/HINI тумоосунун вирусу киришин жана таралышын алдын алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу максатында:
1. Республиканын аймагына A/HINI тумоосунун вирусу киришин жана андан чыкчу оорулардын таралышын болтурбоо боюнча төмөнкүдөй курамда Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк комиссиясы (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Башкы мамлекеттик санитардык врачы, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин секретарынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары.
2. Комиссиянын персоналык курамы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри тарабынан аныкталат.
3. Комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында A/HINI тумоосу боюнча эпидемиялык кырдаалдын күчөп кетүү мүмкүндүгүнө карата мамлекеттик кызматтардын даярдыгына бир жумалык мөөнөттө мониторинг жүргүзсүн жана Комиссиянын заседаниелеринде анын жыйынтыгын талкуулап жана тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу, методикалык жана башка жактардан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |