Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-майы № 205-б
Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигине 120000 санында жалпы жарандык паспорттордун даяр бланкаларын сатып алуу жана кошумча 50000 бланк даярдоого алдын ала төлөө үчүн 22600000 (жыйырма эки миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги менен 22600000 сом өлчөмүндөгү бөлүнгөн бюджеттик ссудага карыздык милдеттенмени төмөнкүдөй шарттарда түзсүн:
2009-жылдын 31-декабрына чейин кайтарып берүү;
пайдаланганы үчүн 1,5 процент өлчөмүндө төлөө;
карыз өз учурунда жоюлбаган учурда 3 процент өлчөмүндө айыптык санкцияларды эсептөө;
күрөөлүк камсыздандыруусуз берүү;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун белгиленген тартипте даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |