Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-майы № 219-б
Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин заседаниесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
расмий делегация:
Чудинов Игорь Витальевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Рустенбеков Жаныш Султанкулович - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Узакбаев Эмилбек Узакбаевич - КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору (макулдашуу боюнча);
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министри;
*Рыскулова Айгүл Маратбековна - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
*Давыдов Ильяс Абдуллович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри;
Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Исаков Сапар Жумакадырович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
Иманалиева Лидия Адамкалыевна - Шериктештиктин уставдык жана башка органдарында Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Толук укуктуу элчиси;
Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
эксперттер жана коштоочу адамдар:
Масаулов Сергей Иванович - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Жаманбаев Муса Мураталиевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы - Премьер-министрдин протокол кызматынын жетекчиси;
Султангазиев Айбек Кенжебекович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы;
Аманова Сапия Жунаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
Кыдыралиев Марат - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматынын эксперти;
Айльчиев Сагынбек Айльчиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматынын референти;
Кеңешов Азамат Кожомуратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматынын референти;
Балкибеков Сапарбек Эсенович - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Имангазиев Алмаз Кулубекович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
**Үмөталиев Арсланбек Таалайбекович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол кызматынын аккредитация секторунун башчысы начальниктин орун басары;
***Жамалов Эркин Абдрашитович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери (макулдашуу боюнча);
**,***Садралиев Нуржан Раимканович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери (макулдашуу боюнча);
басма сөз:
Ахметова Назира Махаматжановна - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын кабарчысы (макулдашуу боюнча);
Нурманбетов Сиязбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын оператору (макулдашуу боюнча);
Текимбаева Айсулуу Орозалиевна - "5-канал" телерадиокомпаниясынын кабарчысы (макулдашуу боюнча);
Иманкожоев Азамат Дүйшеналиевич - "5-канал" телерадиокомпаниясынын оператору (макулдашуу боюнча);
Купешева Жаңыл Исагалыевна - "КАБАР" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин кабарчысы (макулдашуу боюнча);
Маслова Дина Улановна - "Вечерний Бишкек" газетасынын кабарчысы (макулдашуу боюнча);
Тыналиев Мырзакат Бешкемпирович - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн кабарчысы (макулдашуу боюнча);
Эргешбаева Жаркынай Аскарбековна - "Эркин Тоо" ачык акционердик коомунун кабарчысы;
Борисенко Любовь Викторовна - "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн кабарчысы (макулдашуу боюнча).
2. Аталган заседаниеге делегациянын катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) кыргыз-казакстан эки тараптуу жолугушуусуна катышат.
(**) алдыңкы топтун курамында 2009-жылдын 17-22-майында Астана шаарына командировкага жиберилет.
(***) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эсебинен командировкага жиберилет.
Премьер-министр
| И.Чудинов |