Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-майы № 222-б
Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу максатында:
1. Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2009-жылдын 14-15-июнунда "Кыргызстанга инвестициялар" биринчи Москва конгресси (мындан ары Конгресс) өткөрүлсүн.
2. Конгрессти даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте бизнес-долбоорлорду Конгресстин катышуучуларынын андан ары кароосу үчүн тартууну жана тандоону 2009-жылдын 1-июнуна чейин камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жана Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгү аны даярдоо жана өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө Конгресстин уюштуруу комитетине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 222-б буйругуна тиркеме |
Узакбаев Э.У. - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Аттакуров Р.А. - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Айжигитов С.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Суранчиев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Усупов Ү.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ЕврАзЭС маселелери боюнча кеңешчиси;
Исаков С.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
Ташбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
Тойчубеков Ю.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы;
Казакбаев Р.А. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Нуржанов Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Маматалиев М.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин кадрлар иштери боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;
Алканов Р.А. - "Деловой совет - Кыргызстан" ЕврАзЭС ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кожоев К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы соода өкүлү;
Мадияров Т.О. - "Кыргызстан" АКБ Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Сосковец О.Н. - Россия Федерациясынын финансылык-өнөр жай топторунун ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Слипенчук М.В. - "Евразийский Деловой Совет" НП башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сарбагишев Н.Б. - Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик банктар аралык өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча);
Сардарбеков О.С. - "Кыргызстан" соода үйүнүн башкы директору (макулдашуу боюнча);
Сарымсаков Р.А. - Кыргыз Республикасынын мейманканалык жана ресторандык бизнес ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Асанов С.Ж. - "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалары ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Шакиров А.А. - "AiTiCc" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев