Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-майы № 223-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык округунун балансына 2008-жылы чыккан, кузов № ХТА21214081882495, кыймылдаткыч № 8685557, ВАЗ 21214 маркасындагы автомашинаны өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылдык округунун балансына 2008-жылы чыккан, кузов № ХТА21074082689723, кыймылдаткыч № 8995276, ВАЗ 21074 маркасындагы автомашинаны өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаар башкармалыгынын балансына 2006-жылы чыккан, кузов № ХТА1812915, кыймылдаткыч № 8455737, ВАЗ 21214 маркасындагы автомашинаны өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык округунун балансына 2008-жылы чыккан, кузов № ХТА2121081882613, кыймылдаткыч № 8685957, ВАЗ 21214 маркасындагы автомашинаны;
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетментөбө айылдык округунун балансына 2008-жылы чыккан, кузов № ХТА21214082882508, кыймылдаткыч № 8685952, ВАЗ 21214 маркасындагы автомашинаны;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылдык округунун балансына 2008-жылы чыккан, кузов № ХТА 181882600, кыймылдаткыч № 8363897, ВАЗ 21214 маркасындагы автомашинаны;
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын балансына 2006-жылы чыккан, кузов № ХТА 21214861822800, кыймылдаткыч № 8455735, ВАЗ 21214 маркасындагы автомашинаны;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын балансына 2008-жылы чыккан, кузов № ХТА 21074082889479, кыймылдаткыч № 8681598, ВАЗ 21074 маркасындагы автомашинаны;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясы 2007-жылы чыккан, кузов № ХТА 2124081872921, кыймылдаткыч № 8660088, ВАЗ 21214 маркасындагы автомашинаны.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын мамлекеттик администрациялары жогоруда аталган автомашиналарды кабыл-алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылышсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |