Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-майы № 226-б
1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
- "Европа-Кавказ-Азия коридорун өнүктүрүү боюнча эл аралык транспорт жөнүндө негизги көп тараптуу макулдашууга" бажылык жол-жоболор жана документтерди иштеп чыгуу боюнча техникалык тиркемеге толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
- Европа Союзуна 2007-жылдын 1-январында кошулган Болгария Республикасынын жана Румыниянын жаңы статусуна байланыштуу "Европа-Кавказ-Азия коридорун өнүктүрүү боюнча эл аралык транспорт жөнүндө негизги көп тараптуу макулдашууга" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
- "Европа-Кавказ-Азия коридорун өнүктүрүү боюнча эл аралык транспорт жөнүндө негизги көп тараптуу макулдашуунун" 6-статьясынын 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган протоколдорго принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |