Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-майы № 227-б
Кыргыз Республикасынын транспорттук көз карандысыздыгын чечүү жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Бешкент, Маргун, Кулунду айылдык округдарынын ортосундагы үзгүлтүксүз автотранспорт катнашын камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ош-Баткен-Исфана автомобиль жол башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылдык округундагы айылдардын ортосунда 5-категориядагы 2,5 км аралыктагы Кулунду-Максат автомобль жолун долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- Кулунду-Максат автомобиль жолунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоого 500 (беш жүз) миң сомду 2009-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде пайдалансын;
- Кулунду-Максат автомобиль жолун курууну 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарынын эсебинен жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы Кулунду-Максат автомобиль жолун курууга жер участок берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |