Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-майы № 228-б
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык сервис боюнча "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кызматтык максаттарда пайдалануусу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Автотранспорттук бирикмесинин балансына төмөнкү автотранспорттук каражаттарды белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө уруксат берилсин:
- "Мерседес-Бенц 500", 1996-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 11997012062625, кузов № WDB1400501A254851;
- "Тойота-Лэндкруизер", 1998-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 0378019, кузов № JT3HJ8Х0002122.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |