Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 20-майы № 232-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик администрациялык имараттарды натыйжалуу пайдалануусу жана тартипке келтирүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары, Сабиров көчөсү, 23 "а" дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 430 кв.м. болгон имаратты Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча топтомо реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |