Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 20-майы № 233-б
Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин заседаниесине киргизилүүчү тиркелген төмөнкүдөй документтер жактырылсын:
- 2020-жылга чейинки мезгилге карата Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык өнүктүрүү стратегиясынын биринчи этабын (2009-2011-жылдары) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2010-жылга чейинки мезгилге маалыматташтыруу чөйрөсүндө КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтык стратегиясына жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтык стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдин долбоору;
- үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймагына кирүүчү жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасын түзүү боюнча биргелешкен иштердин планы жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышуучу мамлекеттердин гуманитардык кызматташуу чөйрөсүндө артыкчылыктуу иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планы жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2010-жылга чейинки мезгилде билим берүү жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин жалпы билим берүү мейкиндигин жана кызматташуусун андан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө чечимдин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин чоңдорго билим берүүнү өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышуучу мамлекеттердин чек ара боюндагы китепканаларынын базасында маалыматтык-китепканалык мейкиндикти түзүүнүн концепциясы жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларынын кесиптик компетенттүүлүгүнө кошумча окутууну методикалык камсыздоо жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун статусун Россиянын эл аралык автомобилдик ташуучуларынын ассоциациясына берүү жөнүндө чечимдин долбоору;
- 1979-1989-жылдары Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөгү коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөгүн идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечимдин долбоору;
- "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 65 жыл" бирдиктүү юбилейлик медалын даярдоонун тартиби жөнүндө чечимдин долбоору;
- Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин мамлекеттик аба кемелеринде болгон авиациялык окуяларды иликтөө жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Чек ара аскерлеринин Командачылар кеңешинин алкагында өткөрүлүүчү КМШга катышуучу мамлекеттердин чек аралык ведомстволорунун маданий жана спорттук иш-чаралары жөнүндө жобо тууралуу чечимдин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун Аткаруучу дирекциясынын Аткаруучу директорунун жана кызматкерлеринин акчалай маяналарынын деңгээлин аныктоонун тартибине жана эсептик кызмат маяналарынын схемасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдин долбоору (эскертүү менен);
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине 2008-жыл үчүн үлүштүк взносторду чегерүү жана өткөн жылдар үчүн карыздарды жоюу боюнча милдеттенмелерди КМШга катышуучу мамлекеттердин аткаруусу жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу Шериктештик органдарынын финансылык чарбалык иштерине 2008-жылы жүргүзүлгөн документтик ревизиялардын жыйынтыктары жөнүндө чечиминин долбоору.
Премьер-министр
| И.Чудинов |