Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 21-майы № 235-б
Бишкек шаарында "Жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС 1 (Бишкек-Торугарт автожолу), 2-долбоор" долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, делегациянын жетекчисинин орун басары;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Турсункулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Акматов Н.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Ормонов У.З. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнер жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Керимова Н.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы жардамдарды координациялоо боюнча башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жыйынтыктоочу документтерге (Макулдашуунун долбоорун кошпогондо) кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |