Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 28-майы № 246-б
Европа-Кавказ-Азия (ТРАСЕКА) транспорттук коридорун өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын (мындан ары - Өкмөттөр аралык комиссия) 7-заседаниесин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Өкмөттөр аралык комиссиянын 7-заседаниесин 2009-жылдын 15-16-июнунда "Рух Ордо" маданий борборунда өткөрсүн;
- жогоруда аталган иш-чараны өткөрүү үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына ылайык сатып алууну жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетте 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын чегинде 847270 (сегиз жүз кырк жети миң эки жүз жетимиш) сомду жогоруда аталган иш-чараны даярдоо жана өткөрүү үчүн өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен бирдикте Өкмөттөр аралык комиссиянын катышуучу өлкөлөрүнүн делегацияларынын "Манас" эл аралык аэропортуна келүүсүндө жана кетүүсүндө аларды чек аралык жана бажылык тариздөөнү, оперативдүү визалык колдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Өкмөттөр аралык комиссиянын катышуучу өлкөлөрүнүн делегацияларын атайын автотранспорттук каражаттар менен Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча коштоону камсыз кылсын.
5. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Өкмөттөр аралык комиссиянын катышуучу өлкөлөрүнүн делегацияларын акы албастан расмий делегациялар залында тейлөөнү камсыздоо сунуш кылынсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |