Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-майы № 253-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин системасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлери үчүн тийиштүү эмгек шарттарын түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Түп токой чарбасына кызматтык максатта пайдалануу үчүн белгиленген тартипте атайын каражаттардын эсебинен Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылынан администрациялык имарат сатып алууга уруксат берилсин.
2. Администрациялык имарат сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |