Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-июну № 256-б
1. Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2009-жылдын 4-июнунда болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиясынын жетинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Бабанов Өмүрбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Кошматов Баратали Туранович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары;
Жумабаев Болот Абдысаматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Басма сөз кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары секторунун башчысы;
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
Кайыпов Нурмат Маратович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин үчүнчү секретары;
Люлина Светлана Ивановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы.
2. Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) 2009-жылдын 4-6-июнунда болуучу Петербург Эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Бабанов Өмүрбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри, делегациянын башчысы;
Узакбаев Эмилбек Узакбаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, КМШ иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору (макулдашуу боюнча);
Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Мокенов Айдар Абдразакович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Нуржанов Жумасарлык Төлөбекович - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти.
Эксперттер жана коштоочу адамдар:
Жумабаев Болот Абдысаматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Басма сөз кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары секторунун башчысы;
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
Сыдыков Данияр Батырович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси;
Кошонов Рустам Анарбекович - Кыргыз Республикасынын Россия ФедерациясындагыЭлчилигинин экинчи секретары.
3. Аталган иш-чараларга делегациянын катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |