Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-ноябры № 649-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2009-жылдын 23-24-ноябрында жана Минск шаарында (Беларусь Республикасы) 2009-жылдын 26-ноябрында болуучу ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын 63-жыйынына жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин 47-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Жапаров Акылбек Үсөнбекович(*) - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Болжурова Ишенгүл Сыдыковна - Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Абдылдаев Бакытбек Табылдыевич(**) - ЕврАзЭС маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси;
Сагынбеков Алмазбек Оңолбекович(*) - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
Ибраимова Чинара Искендеровна(**) - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы жардамдарды координациялоо боюнча жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Көчкөнов Казыбек Маматкасымович(**) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн биринчи секретары (макулдашуу боюнча);
Эсенжанов Өмүрбек - Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси.
2. Делегация мүчөлөрүнүн аталган жыйындарга катышуусуна байланыштуу чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
(*) Минск шаарында 2009-жылдын 25-27-ноябрында ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жыйынына катышуу.
(**) 2009-жылдын 22-27-ноябрында Москва шаарында ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын жыйынына жана Минск шаарында ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жыйынына катышуу.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|