Редакцияот 04.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 4-декабры № 663-б

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Автотранспорттук бирикмесине белгиленген тартипте кызматтык максатта пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде 2009-жылга "Машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен "Мерседес-Спринтер" эки автомашинасын жана "Мерседес" (жүк ташуучу) бир автомашинасын сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автотранспортту сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

 

Премьер-министр

Д. Үсөнов