Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-декабры № 665-б
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясына 2009-жылга райондук бюджетте каралган каражаттардын эсебинен белгиленген тартипте кызматтык пайдалануу үчүн бир жеңил автомашина, ошондой эле Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмү үчүн бир жеңил автомашина сатып алууга;
- Ысык-Ата районунун Люксембург, Милянфан жана Бирдик айыл округдарына кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн айыл округдарынын жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен жеңил автомашиналарды сатып алууга.
2. Автомашиналарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|