КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-декабры № 674-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2009-жылдын 11-декабрында болуучу Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 44-заседаниесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Курманбеков Темирбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Абдылдаев Бакытбек Табылдиевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси;
Сагынбеков Алмазбек Оңолбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы.
2. КМШнын Экономикалык кеңешинин заседаниесине Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусуна байланыштуу чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|