Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-декабры № 679-б
Республиканы жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана 2009-2010-жылдары жылытуу сезонунан ийгиликтүү чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 100 млн.сом суммасында бюджеттик кредит берсин;
- бюджеттик кредитти кайтарып берүү шарттары боюнча "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы менен карыздык милдеттемени белгиленген тартипте түзсүн;
- бюджеттик кредитти бөлүп берүүнүн төмөнкүдөй шарттары аныкталсын:
күрөөлүк камсыздоону тариздебестен процентсиз кредит;
кредитти жоюу мөөнөтү - 2010-жылдын 1-апрелине чейин, анын ичинде 2010-жылдын февралында - 40 млн.сом; 2010-жылдын мартында - 60 млн.сом;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы:
- бюджеттен алынган 100 млн.сомду жаратылыш газы үчүн алдын ала төлөөнүн эсебине "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун эсебине которсун;
- жогоруда аталган бюджеттик кредитти ушул буйруктун 1-пунктуна катуу шайкештикте кайтарып берүүнү камсыз кылсын.
3. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна Өзбекстан Республикасынан келүүчү жаратылыш газы үчүн карызды жоюуга 100 млн.сомду которууну камсыз кылуу сунушталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|