Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-декабры № 689-б
Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Ош шаарында (Кыргыз Республикасы) 2009-жылдын 24-25-декабрында боло турган Өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын тогузунчу жыйынын өткөрүү максатында:
1. Делегациянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, комиссиянын төрагасы;
Мамаев Кубанычбек Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Джунушалиев Туратбек Эсенкулович - Кыргыз Республикасынын Тажик Республика-
сындагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси;
Асамидинов Айдарали Асамидинович - Кыргыз Республикасынын Баткен облмамадминистрациясынын губернаторунун биринчи орун басары;
Раимбердиев Расулберди - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Жолчиев Бакир Дыйканович - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Примов Алмазбек Абдыкаимович - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Турусбеков Чолпонбек Курманбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Мураталиев Тимур Тургуналиевич - "Кыргызнефтегаз" ААКсынын башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары;
Дурусалиев Мурат Джуманалиевич - "Кыргызстан УЭС" ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары;
Назаров Жолдошбек Машарапович - "Электр станциялары" ААКсынын Башкы директорунун биринчи орун басары;
Бийбосунов Руслан Мелсович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директорунун орун басары;
Эгембердиев Абдилатип Эгембердиевич - Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин Баткен облустук эмгек, жумуштуулук жана миграция комитетинин Төрагасы;
Имашев Мирлан Бегимбаевич - "Кыргызгаз" ААКсынын башкы инженери;
Ногойбаев Алмазбек Бердибекович - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясынын" башкы директорунун орун басары;
Эгембердиев Абдималик Абдыкаарович - Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигинин жайыт департаментинин директору;
Жусуматов Эсен Жусуматович - Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы департаментинин башкы директорунун орун басары;
Мамытов Марат Абдыбарович - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин отун-энергетика комплекстеринин башкармалыгынын начальниги;
Ниязбеков Темирбек Карыпбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар жана инвестицияны тартуу бөлүмүнүн башчысы;
Юсупов Бакыт Юсупович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин 1-катчысы;
Дусумбаев Нурлан Джапсарбаевич - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясынын" Экономика, стратегиялык өнүктүрүү жана тариф саясаты башкармалыгынын начальниги;
Мамбеткожоев Шайлообек Садырович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын товарларды жеткирүүнү контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
Бозов Кадырбек Дүйшөналиевич - Кыргыз-Россия Славян университетинин жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу" кафедрасынын башчысы;
Таиров Мелис Кадырович - Ош облустук Тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитеттин төрагасы;
Жолдошев Абдыманап Жолдошевич - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
Оморов Марат Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин контролдук-укуктук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Кадырбаева Светлана Асангазиевна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын башкы адиси - комиссиянын катчысы.
2. Ош шаарына (Кыргыз Республикасы) делегация мүчөлөрүнүн барышы менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Иш сапарынын чыгымдарынын ченемдерин белгилөө жана аларды кайтаруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарына жөнөтүп жаткан уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|