Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-декабры № 692-б
Япония Өкмөтүнүн долбоордук эмес грантына карата эсептелген жана тындырылбаган айып санкциялары боюнча карызды тындырууда Ош шаарынын мэриясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
а) Япония Өкмөтүнүн долбоордук эмес гранты боюнча карызды тындыруунун шарттарын жарым-жартылай өзгөртүү жолу менен Ош шаарынын мэриясынын карызын Ош шаарынын мэриясы айып санкцияларын тындыруунун эсебине карыздын жалпы суммасынын 50 проценти өлчөмүндөгү төлөмдөрдү 2010-жылдын 1-июнуна чейин белгиленген тартипте төлөйт деген шартта реструктуризация жүргүзсүн;
б) Ош шаарынын мэриясы ушул буйруктун 1-пунктунун (а) пунктчасынын шарттарын аткарганда эсептелген айып санкциялары боюнча карыздын калган бөлүгү тындырылды деп эсептелсин.
2. Бул буйруктун 1-пунктунун (а) пунктчасы белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, реструктуризация кылуу шарттары күчүн жоготоору белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|