Редакцияот 18.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 18-декабры № 695-б

Республиканын калкынын арасында A/H1N1 тумоосунун жайылуусуна жол бербөөгө багытталган профилактикалык жана эпидемияга каршы багытталган иш-чараларды жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тумоого каршы вакциналарды, ар түрдүү тест-системаларын, дезинфекциялоочу каражаттарды, медициналык буюмдарды жана медициналык жабдууларды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин арыздарына ылайык республикалык бюджеттен каржылоону өз учурунда камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д. Үсөнов