Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-декабры № 696-б
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2009-жылга республикалык бюджетте каралган 3420,0 миң сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарынын эсебинен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарынын ичинде жолдордун асфальт-бетондук катмарына ремонт жүргүзсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Ү.Жапаровго жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|