Загрузка документа…
КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 23-апрелиндеги № 163 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2009-жылдын 18-декабры № 697-б
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруу кеңешинин курамы бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, энергетика тармагынын ишин караган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 18-октябрындагы № 439 жана 2007-жылдын 30-декабрындагы № 524 буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер - министри | Д. Үсөнов |