Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-декабры № 698-б
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун өндүрүштүк маселелерин оперативдүү чечүү жана материалдык-техникалык камсыздоосун чыңдоо максатында төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
1. Аламүдүн районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө:
- бир дежур автомашина сатып алууга;
- өз балансындагы 1989-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 0148189, кузов № 1311992 "Газ-32417" маркасындагы автомашинаны мыйзамдарда белгиленген тартипте сатууга.
2. Аламүдүн райондук социалдык коргоо башкармалыгына:
- бир дежур автомашина сатып алууга;
- өз балансындагы 2003-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 33115587, кузов № 31100030581669 "Газ-3110101" маркасындагы автомашинаны мыйзамдарда белгиленген тартипте сатууга.
3. Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнө:
- бир дежур автомашина сатып алууга;
- өз балансындагы 1998-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 4491886, кузов № 1679208 "Ваз-21053" маркасындагы автомашинаны мыйзамдарда белгиленген тартипте сатууга.
4. Аламүдүн райондук маданият бөлүмүнө:
- бир дежур автомашина сатып алууга;
- өз балансындагы 1982-жылы чыккан, кыймылдаткыч № DR003743, кузов № WAUZZZ44ZD№35441 "Ауди-100" маркасындагы автомашинаны мыйзамдарда белгиленген тартипте сатууга.
5. Аламүдүн районунун Октябрь айыл округуна:
- айыл чарба иштери үчүн бир трактор сатып алууга;
- өз балансындагы 1988-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 10298212096707, кузов № WDB1240231А738270 "Даймлер-Бенц-203" маркасындагы автомашинаны мыйзамдарда белгиленген тартипте сатууга.
6. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясына:
- кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн жол тандабай жүрүүчү бир автомашина сатып алууга;
- өз балансындагы 1999-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 11294430442125, кузов № WDВ2200651А034643 "Даймлер-Крайслер S-320" маркасындагы автомашинаны мыйзамдарда белгиленген тартипте сатууга.
7. Аламүдүн райондук "Аламүдүн жарчысы" газетасына:
- кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн бир автомашина сатып алууга;
- өз балансындагы 1989-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 5264403, кузов № 0040832 "Москвич-412" маркасындагы автомашинаны мыйзамдарда белгиленген тартипте сатууга.
8. Автомашиналарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|