Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-декабры № 702-б
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасына:
- "Хонда-Аккорд" маркасындагы, 1991-жылы чыгарылган, кузов № JHMCB 35300С118837, кыймылдаткыч № F20А22004707 автомашинаны Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Автотранспорт бирикмесинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын атайын эсебинде топтолуучу каражаттардын эсебинен бир дежур автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Дежур автомашинаны сатып алуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|