КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-декабры № 703-б
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ысык-Көл облусунун Тоң районунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2010-жылдын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансындагы эмес Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын борбордук көчөсүнүн асфальт бетон катмарын оңдоо үчүн 13300,0 миң сом пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Ү.Жапаровго жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|