Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-декабры № 706-б
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына "Кыргоол" Кыргыз мамлекеттик мергенчилик чарбасынын аймагында Ишкер борборун курууга тартылган каражаттар үчүн карыздын бөлүгүн жоюунун эсебине 2002-жылы чыккан, кузов № JTEBM29J630002145, кыймылдаткыч № 2924054 Тойота "Прадо" маркасындагы автомашинаны Ысык-Ата районунун Кант шаарынын шаар башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Ысык-Ата районунун Кант шаарынын шаар башкармалыгы 1998-жылы чыккан, кузов № WDB2100651А649147, кыймылдаткыч № НУ Мерседес-Бенц 320 автомашинасын Ысык-Ата районунун "Кант" муниципалдык ишканасынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кызматтык автомашиналарды өткөрүп берүү "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|