КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-декабры № 707-б
Жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу, маселелерди тез арада чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Республикалык мамлекеттик ветеринардык диагностика борборуна:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Республикалык мамлекеттик ветеринардык диагностика борборуна Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен "Нива" 21214 маркасындагы бир автомобиль жана "ВАЗ 21074" маркасындагы сегиз автомобиль сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автомобилдерди сатып алуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|