Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-декабры № 713-б
Ош облусунун Ноокат районундагы Жар-Коргон айылынын Жолдошев атындагы жана Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын Пушкин атындагы мектептердин курулушун бүтүрүү жана эксплуатациялоого толук өткөрүп берүү максатында:
1. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Ош облусунун Ноокат районундагы Жар-Коргон айылынын Жолдошев атындагы мектеби үчүн 9,6 млн.сом жана Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын Пушкин атындагы мектеби үчүн 6,9 млн.сом суммасындагы керектелүүчү финансылык каражаттар боюнча негиздүү эсептерди эки күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мектептердин курулушун бүтүрүү үчүн "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каражаттарды бөлүштүрүүнүн эсебинен керектелүүчү финансылык каражаттардын 50 процентин издеп тапсын.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|