Редакцияот 25.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 25-декабры № 719-б

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин райондук кеңешинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:

1. Кемин райондук кеңешине белгиленген тартипте жергиликтүү райондук бюджеттин кирешелеринин ашыкча түшкөн каражаттарынын эсебинен кызматтык максатта пайдалануу үчүн бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

 

Премьер-министр

Д. Үсөнов