Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-декабры № 723-б
Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуралаштыруу жөнүндө 2005-жылдын 11-мартындагы кредиторлордун Париж Клубунун Протоколун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын карызын конверсиялоо максатында 2005-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын тышкы карызын кыскартуу жана реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашуунун 15-беренесинин негизинде:
1. Кыргыз Республикасынын, Немец өнүктүрүү банкынын (KFW) жана Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосунда Өзүнчө Макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Өзүнчө Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Курманбеков Темирбек Барыктабасовичке Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-декабры № 723-б
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 2-мартындагы № 67-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуралаштыруу жөнүндө 2005-жылдын 11-мартындагы кредиторлордун Париж Клубунун Протоколун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын карызын конверсиялоо максатында 2005-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын тышкы карызын кыскартуу жана реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашуунун 15-беренесинин негизинде:
1. Кыргыз Республикасынын, Немец өнүктүрүү банкынын (KFW) жана Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосунда Өзүнчө Макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министри Султанов Марат Абдразаковичке Кыргыз Республикасынын атынан Өзүнчө макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 67-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|