КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-декабры № 716-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты үчүн нөөмөттүк автомашиналарды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына 8 280 000,0 (сегиз миллион эки жүз сексен миң) сом бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы автомашиналарды сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен ишке ашырсын.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|