Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-декабры № 684
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому, «Камеко» корпорациясы, «Центерра Голд Инк.» компаниясы, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому, «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунун ортосунда «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун 6.2-пунктунун (е) пунктчасына, «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун № 4 тиркемесинин 1.2-пунктунун (а) пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы төмөнкү салык милдеттенмелерин эсептен чыгарсын:
- «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун бардыгы 658 325 536 сом 91 тыйын суммасындагы, анын ичинде негизги салык – 481 993 116 сом 51 тыйын, пайыз (туум) - 119 722 551 сом 69 тыйын, финансы санкциясы - 53 508 706 сом 70 тыйын жана айып - 3 101 162 сом 01 тыйын;
- «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунун бардыгы 700 679 330 сом 00 тыйын суммасындагы, анын ичинде негизги салык - 439 103 506 сом 00 тыйын, пайыз (туум) - 86 839 983 сом 00 тыйын, финансы санкциясы - 174 735 841 сом 00 тыйын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|