Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2010-жылдын 15-январы № 11-б

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Төлөгөн Касымбековдун кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алуу менен жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу:

1. Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Нышанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кумаров Б.С. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Масиров К.М. - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Таткулов Т.Дж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Алымбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн башкы редактору (макулдашуу боюнча);

Турапов К.Ы. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Усөнов