Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 19-январы № 14-б
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына өз убагында даярдык көрүү жана аны өткөрүүнү камсыз кылуу жана Бишкек шаарында чет мамлекеттердин өкмөт башчыларын жана расмий делегацияларын кабыл алуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Карашев Аалы Азимович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - топтун жетекчиси;
Каганер Максим Валерьевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин секретариатынын жетекчисинин орун басары - топ-
тун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Исаев Асеин Кусеинович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы – топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кумаров Болоткан Советбекович - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Исаев Кыдыкбек Шайдинович - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Джолдошев Нурдин Бексултанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
Макеев Толенды Картанбаевич - Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору, жооптуу катчы (макулдашуу боюнча);
Нарбаев Каныбек Джайчиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
Токторбаев Алмаз Биязбекович - Бишкек шаарынын вице-мэри;
Мамаев Кубанычбек Абрахманович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Азизов Жакыпбек Карабаевич - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Нишанов Абдуалим Тажибаевич - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
Айтбаев Акыл Казакович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Касейинов Кубат Усенкулович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Саидов Шакир Пулатович - Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Убукеев Сеит Мелисович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
Имангазиев Алмаз Кулубекович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин секретариатынын эл аралык кызматташуу жана протокол кызматынын жетекчиси;
Сыдыков Камиль Таштанбекович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин секретариатынын басма сөз кызматынын жетекчиси;
Ормошев Салават Маматалиевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары;
Дунганов Данияр Асангазиевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары - штабдын начальниги (макулдашуу боюнча);
Нуржанов Джумасарлык Тюлебекович - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Борбиев Болотбек Ибраимович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальниги;
Орозбай кызы Кайыргул - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Мамбеталиев Марат Мырзабекович - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;
Сыдыков Бакытбек Усенович - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти;
Мырзыбеков Эгемберди Биймырзаевич - "Кыргызстан авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун президенти.
2. Жумушчу топ:
- 2010-жылдын 8-февралына чейин ШКУнун 2010-жылдагы кезектеги жыйынына даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жумушчу планын иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин;
- 2010-жылдын 25-февралына чейин ШКУнун 2010-жылдагы кезектеги жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча сарптоо сметасын даярдасын жана бекитүүгө киргизсин.
3. Жумушчу топко анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартуу укугу берилсин.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|