Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 74
2016-жылдын 27-мартындагы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 6-майындагы № 96 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Балыкчы шаардык кеңешинин аймагында бирдиктүү 1 шайлоо округу жана 16 шайлоо участогу түзүлгөн.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлер Балыкчы шаардык кеңешинин шайланган депутаттары деп табылсын (тиркелет).
4. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгисин берсин.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 74 токтомуна тиркеме | |
Балыкчы шаардык кеңешишин 31 мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттарынын тизмеси
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | "Замандаш" | 1 | Кудайбергенов Сагын Ташболотович |
2 | Давлетов Турдакун Бакирович | ||
3 | Аширалиева Майрамкан Кашкиленовна | ||
4 | Турганбаева Гулуйла | ||
5 | Усупов Мирлан Бейшенович | ||
6 | Асангазиев Чынгыз Камчыбекович | ||
7 | Кудайбергенов Жыргал Ташболотович | ||
8 | Асаналиев Жолдошбек Орозобекович | ||
9 | Давлетова Садат Бакировна | ||
10 | Кожонов Алманбет Кыргызбаевич | ||
2 | "Кыргызстан" | 1 | Токтоболотов Эркин Рыскулович |
2 | Сартбаев Канатбек Рыскельдиевич | ||
3 | Жумаева Нурзада Самудиновна | ||
4 | Смадияров Айдарбек Сарбозович | ||
5 | Шакиров Мирбек Кадырбекович | ||
6 | Асанакунова Айнакуль Джапаровна | ||
3 | "Республика - Ата Журт" | 1 | Бекбашев Данияр Кумушбекович |
2 | Мураталиев Марат Мураталиевич | ||
3 | Эгеева Алтынай Керимакуновна | ||
4 | Алиев Максат Согушбекович | ||
5 | Кененбаев Азамат Турсунбекович | ||
4. | "Социал-Демократическая партия Кыргызстана" | 1 | Жумакадыров Азамат Жумакадырович |
2 | Аманкулов Самыйбек Асанкадырович | ||
3 | Мукамбетова Сайракан Сагыновна | ||
4 | Усупов Бакыт Саламатович | ||
5 | Эсенов Адилет Эсенович | ||
5 | "Өнүгүү Прогресс" | 1 | Эсенгулов Жунус Осмонович |
2 | Аманалиев Дастан Жумадилович | ||
3 | Байтикова Тамара Жумадиловна | ||
4 | Табалдиев Алишер Кадырбекович | ||
5 | Сыдыков Аманат Калыбекович |